Кыргызстандагы тарыхий жайлардын тагдыры (видео)

843

«Сулайман-Тоо» археологиялык музей-комплексин мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу иштетүү кооптуу. Мындай пикирди Оштогу туристтик компаниялардын жетекчилери, жергиликтүү экономисттер карманууда. Алардын айтымында, тарыхый жайды өнүктүрүүгө жеке ишкерлер тартылса, руханий баалуулуктар унутулуп, акча табууга көбүрөөк көңүл бурулуп кетет.

Андан көрө ар кандай финансылык уюмдардан грант тартылса жакшы болмок дешет. Эскерте кетсек, жакында эле өкмөттө туризмди өнүктүрүп, эс алуучуларды тарыхый-маданий жайларга кызыктыруу үчүн Сулайман-Тоо, Таш Рабат, Ысык-Ата сыяктуу комплекстерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен иштетүү сунушу айтылган.