Кыргызстандан жасалма атыр жүктөлгөн унаа Россияда токтотулду

642

Кыргызстандан жасалма атыр жүктөлгөн унаа Россиянын Саратов шаарында токтотулду. Унаада белгилүү француз өндүрүүчүлөрүнүн логотиби чапталган 1216 флакон табылган.

Бажы кызматкерлердин ыкчам тобу контрабандалык товар ташып бара жаткан унааны токтоткондо, айдоочусунда товарды Россияга жеткирүү үчүн укук ээсинин макулдугун тастыктаган документтер болгон эмес.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бардык атырлардын сапаты төмөн жана жасалмалуулуктун белгилери болгондугу аныкталган. Белгилүү бренддердин укук ээлери жасалма продукцияга келтирилген зыянды 16 миллион 700 миң рублга баалашкан. Аталган факт боюнча Россиянын башка товардык белгинин мыйзамсыз пайдалануу негизинде кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.