Кыргызстанды дүйнөгө уят кылган элчилер жоругу (видео)

241

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери эмне менен алек? Айрым дипломаттар Тышкы иштер министрлиги аларды туристтик агенттикке айлантканын айтып чыгышты. Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүндө, дипломаттар Кыргызстандан жумуш менен эмес, эс алып барган аткаминерлерди да тосуп, сыйлаганга аргасыз болуп жатышат. Анткени мындай тапшырма Тышкы иштер министрлиги тарабынан тынбай берилип турат, дейт элчи. Ал эми аталган мекеме элчилик баргандардын баарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экенин айтат. Министрлик менен элчиликтин ортосундагы бул маселе жалпы эле чет мамлекеттерде иштеп жаткан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дарегине сын пикирлерди күчөттү. Элчиликтердин ишин текшерген комиссия түзүү зарылдыгы айтыла баштады.

comments powered by HyperComments