Кыргызстанды «инвестициялык оасизке» айлантуу аракеттери көрүлүүдө

644

Кыргызстанды жакынкы жылдары «инвестициялык оасизке» айлантуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Россия-24 телеканалына интервью берип жатып билдирди. Анда президент жакында өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынып жана анда ишкерлердин абалын жакшыртуу үчүн бир топ конкреттүү иш-аракеттер жасалып жатканын белгиледи.

Бул жигердүү мамлекеттик башкаруу кичи жана орто бизнестин бутка туруусуна көмөк көрсөтүү жана фискалдык саясатты бир кыйла жумшартуу аракеттери. Эксперттердин айтымында, бул ниеттер ишке ашып кете турган болсо, ишкердик чөйрөсү бир топ алдыга жылат. Бирок бул үчүн биринчи кезекте коррупция менен аёсуз күрөшүү зарыл дешет алар.