Кыргызстанды ким уят кылды? Ким жооп берет? (видео)

912

Кыргызстандын аброюна шек келтирип, инвестициялык климатка оор сокку урдурган аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Бул тууралуу «Лигласс» компаниясы менен өкмөттүн кадамынан кийин бир катар эксперттер айтып чыгышты. Эки ай мурда жетишилген келишимге ылайык, бүгүн чехиялык компания 37 миллион доллар которушу керек эле. Бирок мөөнөтү бүтөөрүнө бир күн калганда инвесторлор акча таба албай жатканын айтып чыгышты. Буга чейин эле, коомчулукта «Лигласс» компаниясына байланыштуу кескин сын пикирлер айтылып келгендиктен, өкмөт келишимден бир тараптуу бузуу тууралуу чечим кабыл алууга аргасыз болду. Эң кызыгы, ушул күнгө чейин аткаминерлер чехиялык ишкерлерди мактап, алардын финансылык абалы начар экенин ачык айткандарды долбоорду жаманатты кылуу аракети катары баалап келишкен. Бул маселе парламенттин отурумунда да бир нече жолу көтөрүлүп, депутаттар бул жакта кылмыш иши бар болушу мүмкүн деп шектенишкен. Эми чоң суроо пайда болду. Ишке ашпай калган келишим үчүн ким жооп берет? Эмне үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөрдү иликтенбеген компанияга Кыргызстандагы маанилүү долбоор ишенип берилген? Анын артында кандай кызыкчылыктар болушу мүмкүн?