Кыргызстандык актерлор Ташкенттеги эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

1151

Өзбекстанда «PROlogue-2018» эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Иш-чаранын жабылуу аземинде сыйлык ээлеринин аты аталды.

«PROlogue-2018» эл аралык кинофестивалында кыргызстандык Акылбек Абдыкалыков «Мыкты актер» наамына татыктуу деп табылды. Ага бул сыйлык Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасындагы ролу үчүн берилди.

Күн мурда аталган фестивалдын «Мыкты актриса» номинациясы да кыргызстандык Мадина Талипбекке ыйгарылганы кабарланган.

Кыргыз-өзбек киночулары чогуу тарткан «Делбирим» тасмасында Мадина Аселдин ролун жараткан. Фильм Кыргызстанда 6-декабрда чоң экрандарга чыгат.

Кыргызстандагы «Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына да сунуш кылган.

«PROlogue» — Эл аралык кинофестивалы Өзбекстанда негизделип, төртүнчү ирет өттү. Фестивалдын сайтындагы кабарга караганда, быйыл 60 өлкөдөн 289 тасма сунушталган. Андан сегиз толук метраждуу, 14 кыска метраждуу, тогуз улуттук (Өзбекстанда тартылган) кыска фильмдер сынакка өткөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.