Кыргызстандык Анна Оглоблина тоо чокуга чыгып, дүйнөлүк рекорд койду

826

Кыргызстандык айым Европанын эң бийик тоо чокусун багынтып, рекорд койду. Анна Оглоблина Эльбрус тоосуна чыккан. Мелдеш 7-майда Россияда өтүп, ага 20 мамлекеттен келген 250 спортчу катышкан.

Биздин мекендешибиз Анна Оглоблина 12 чакырымды 4 саат 20 мүнөттө ашып өткөн. Ошондо жанында бара жаткан атаандашынан 10 мүнөткө тезирээк белгиленген жерге жеткен.

Ал эми тоого чыгып, андан түшүүнү эске алганда спортчу 5 саат 35 мүнөт 3 секунд сарптаган. Бул айымдар арасындагы дүйнөлүк рекорд болуп саналат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.