Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров дүйнө чемпиону болду

1494

Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Спортчу 62 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Финалда ал египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашкан. Беттештин жүрүшүндө, алгач Ахмед Мохамед бир упай артыкчылык менен алдыда бара жаткан. Ошол убакта Эрбол Бакиров 4 упайлык ыкма жасап, каршылашынын далысын килемге басып, таза жеңиш менен биринчиликке жетти.

Ал буга чейин америкалык спортчу Алстон Жон Нуттерди, армениялык Грачья Погосян жана россиялык Азамат Каировду утуп, финалга чыккан болчу. Аларды да таза жеңиш жана упай эсебиндеги чоң айырмачылык менен уткан.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө биринчилиги өтүп жатат. Мелдеш 17-сентябрда башталып 23-сентябрга чейин уланат.