Кыргызстандык балбан күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

4570

Спорт жаатындагы кезектеги сүйүнүчтүү жаңылык. Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпиону болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, мелдеш ушул күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жатат.

Улукбек Жолдошбеков эркин күрөштөн 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, түндө болгон финалдык беттеште индиялык Равиндер менен күч сынашып, аны 5-3 эсебинде женген. Кыргыз балбаны бул дүйнө чемпионатында жалпысынан 5 беттеш өткөргөн. Ал таймаштарын 30-октябрда баштаган. Ал бардык атаандаштарын мыкты көрсөткүч менен жеңгенден кийин гана, алтын байге үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк алган.

Эске сала кетчү нерсе, Улукбек Жолдошбеков ушул жылдын март айында эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпионатында дагы алтын медаль тагынган болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.