Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштыра баштады (видео)

1037

Ата-мекендик медицинанын ийгилиги! Бишкекте эне жана баланы коргоо Улуттук борборунда Кыргызстандык дарыгерлер биринчи жолу бөйрөктү трансплантациялоо операциясын өз алдынча жасашты. Ага чет элдик адистер катышкан жок. Операция 24-майда жасалып, 6 саатка созулган. Эске сала кетсек, Кыргызстанда буга чеийн дал ушундай 17 операция жасалган. Анын баардыгы чет элдик медиктердин катышуусунда болгон. Учурда бөйрөгү алмаштырылган бейтап жана донору ооруканадан чыгарылып, алардын акыбалы жакшы. Биздин дарыгерлер жакында боорду дагы трансплантациялоого киришкени жатышат. Учурда тийиштүү жабдыктарды сатып алуу үчүн каражат маселеси чечилип жатыптыр.