Кыргызстандык футболчулар Индиянын командасын жеңди (видео)

805

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Индиянын спортчуларын 2-1 эсебинде утуп алды. Түндө Бишкектеги стадиондо эки өлкөнүн командалары беттешти. Биздин азаматтар өткөн жумада Мьянманын оюнчуларын ири эсептик айырма менен артка калтырган. Ушуну менен тайпалык беттештерде Кыргызстандын курама командасы 14 гол киргизип, 8 жолу топту тосо албай калды. Бирок кечээ күнкү жеңишке карабай тайпада биздин курама экинчи орунга чыкты. Биринчиликти киргизген голдордун эсеби менен Индия алды.