Кыргызстандык келин учакта көз жарды

662

7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарды.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган.

Капитан Ош аэропортуна кайтып келип, эне-бала «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилди. Алардын абалы жакшы экени айтылды.