Кыргызстандык суучулдар Словакиядагы Гран-приде 3 медаль утту

888

Кыргызстандык суучулдар Словакиядагы Гран-приде ийгиликтүү күч сынашты.

Маалыматтарга караганда, эл аралык мелдештин үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курама командасы үч медаль утту. Елизавета Рогожникова эркин стилде 200 метрге сүзүүдө күмүш медаль тагынып, Кыргызстандагы рекордду 2.06.89 убакыт менен жаңылады.

Владислав Шулико баттерфляй ыкмасында 100 метрге сүзүп, алтын медаль алды. Денис Петрашов брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 метр аралыкта биринчи орунду камсыздады.

Словакиядагы Гран-при – Олимпиада-2020 үчүн лицензиялык мелдеш.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.