Кыргызстандык тоо лыжачы Евгений Тимофеев 63-орунду ээледи

840

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык тоо лыжачы Евгений Тимофеев 63-орунга ээ болду. Анда «чоң слаломдо», тактап айтканда өтө чоң бийиктиктен, катуу ылдымдыкта, кыйындатылган багыт менен түшүү мелдешине 109 спортсмен катышкан.

Биринчи жолкусунда Тимофеев слаломдон 1 мүнөт 20 секундда түшүп, 72 орунга татыган. Ал эми экинчи жолкусунда бул көрсөткүчтөн бираз эрте келип, жыйынтыгында 63-орунду ээледи. Ал бул спорттун түрү боюнча Олимпиаданын чемпиону аталган спортчудан биздин лыжачы 23 секундга артта калган.

Тимофеев эми 22-февралда слаломдун чакан түрү боюнча мелдешке катышат. Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтүп жаткан Олимпиала оюндарын НТС жана НТС-Спорт телеканалы түз алып көрсөтүүдө.