Кыргызстандык туркомпаниялар Измирде өткөн көзгөзмөгө катышты

1012

Түркияда жана дээрлик Жакынкы Чыгышта алдыңкы туристтик көргөзмөлөрдүн бири деп эсептелген Travel Turkey Izmir — 2017 зыяратчыларга эшигин ачты. Анда Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгеси долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандык 6 туроператор катышууда. 7 декабрдан 11-не чейин улана турган көргөзмөгө катышкан туроператорлор сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүүдө.

Туристтик көргөзмөгө Ош жана Ысык-Көлдүн тескей жээги дестинацияларынын мүчөлөрү да катышып жатат. Туристтик көргөзмөгө келген түркиялык коноктор кыргыздын улуттук даамы болгон боорсоктон ооз тийип, Кыргызстандын маданияты да алардын кызыгуусун жаратканын жашырышкан жок. Кыргыздын көчмөн эл маданий мурасы жана символу болгон боз үй иш чаранын катышуучуларды суктандырды.