Кыргызстандыктар Азия чемпионатында 3 алтын медаль жеңип алышты

779

Кыргызстандыктар Азия чемпионатында 3 алтын, бир коло медаль утуп алышты. Мелдештер Кытайдын Харбин шаарында өткөн. Кыргызстандын курама командасында Чынгыз Бегматов, Бакберген Усенов, Эдилбек Шакирмаматов жана Таабалды уулу Акжол болгон.

ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдиргендей, баштапкы этапта өлкөнүн атынан бара турган балдар көп болчу. Бирок ар кандай себептерге байланыштуу, алардын көбү Кытайга бара албай калышкан. «Эгер бардыгы барышса, жалпы командалык эсепте биринчи орунду алмакбыз», — дейт Өмүрзаков. Себеби Азия боюнча Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча күчтү команда катары белгилүү.

Буга чейин Азия чемпионаты Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстанда өткөн. Кытайда биринчи жолу өткөрүлүп, ага 8 өлкө катышкан.