Кыргызстандыктар Болот Шамшиев менен коштошууда (видео)

2533

78 жашында дүйнө салган кинорежиссер, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Опера жана балет театрында өтөт. Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилет. Совет доорунда Чыңгыз Айтматовдун жана башка жазуучулардын чыгармаларын экрандаштырган талантту режиссердун эмгектери кыргыз элинин түбөлүк эсинде калды.

Ал «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» өңдүү көркөм тасмаларды жаратып, «Кыргыз кереметинин» жаралышына салым кошкон инсан катары белгилүү.