Кыргызстандыктар эми АКШнын жарандыгын ала алышпайт (видео)

2141

Кыргызстандын жарандары 21-февралдан тарта АКШга жол ачкан грин-карт лотереясына катыша албайт жана иммиграциялык визага чектөө киргизилди. Расмий Вашингтон мындай кадамга бир жылдык иликтөөдөн кийин барганын билдирди. Себеби Кыргызстандагы коопсуздук маселесине байланыштуу экен.

Негизги жүйөлөрдүн бири катары бүгүнкү күнгө чейин ишке ашпай жаткан биометрикалык паспорт маселесин келтирүүдө. Бирок эң кызыгы, ушундай эле көйгөйү бар башка өлкөлөргө мындай чектөөлөр киргизилген жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка бийлигинин чечимин эки тараптуу алакага доо кетирген кадам катары баалады.