Кыргызстандыктар коррупцияга белчесинен баткан мамлекеттик мекемелерди атады

742

Кыргызстанда коррупцияга белчесинен баткан мамлекеттик мекемелердин сап башында Бажы кызматы турат. Андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо, үчүнчү тепкичте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

Улуттук статистика комитети 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик органдарга болгон ишенимдүүлүк индексин жарыялады. Анда жарандар антирейтингдин дээрлик бардык лидерлерине минус балл беришти.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарына Ички иштер министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги да кирет.

Белгилей кетсек, жарым жыл мурда деле рейтинг дал ушундай болчу. Анда тиешелүү тизмеге Транспорт жана жолдор министрлиги да кирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.