Кыргызстандыктар Малаховду кечиреби? (видео)

603

Андрей Малаховдун кечирим сураганын кыргызстандыктардын көбү жылуу кабыл алып, катуу ачууланып жаткандар жумшара түшүштү. Теле алып баруучунун бир апта мурда айткан сөздөрү Россияда иштеп жүргөн мекендештерибизди чочутуп, эмгек мигранттарына карата катуу чаралар көрүлө башташы мүмкүн деген кооптонууларды күчөтүп койгон эле.

Малаховдун кечирим сурашы аларды жооткоткондой болду. Журналисттин кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусун эмгек мигранттарынын жакындары кандай кабыл алды?