Кыргызстандыктар вакцинанын бир нече түрү менен эмделет (видео)

1950

Кыргызстанда 8 адам муфтийликке шайлануу үчүн арызын тапшырды. Мындай көп кандидат буга чейинки шайлоолордо катталган эмес. Эми 29-марттан 1-апрелге чейин алты кишиден түзүлгөн комиссия кандидаттарды электен өткөрүп, эң жогорку балл алган үч талапкер Аалымдар кеңешине сунушталат. 5-апрелде өтчү курултайда Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү добуш берүү менен муфтийди аныкташат.

Эгемен Кыргызстанда дин башкармалыгынын башчысы 11-жолу тандалганы турат. Алардын көбү кызматтан ызы чуу менен кеткен. Муфтиятты ар кандай жаңжалдардан алыстатуу үчүн бул жолу ажылыкты уюштуруу укугунан ажыратуу сунушталууда. Кыргызстандыктардын Меккеге зыярат кылуусун эми ким колго алат?