Кыргызстандыктарды кандай телекөрсөтүүлөр кызыктырат? (видео)

587

Эми Кыргызстанда телеканалдардын рейтинги атайын ыкма менен аныкталат. Тактап айтканда, өлкөдө телеканалдардагы программалардын кайсы аймактарды, элдин кайсы катмарын камтыганын аныктоочу система иштей баштайт. Ал үчүн Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында 200 үй-бүлө тандалып, алардын сыналгыларына атайын жабдыктар орнотулат.

Мунун жардамы менен кайсы телекөрсөтүүлөр калк үчүн кызыктуу экени аныкталат, дешет долбоордун уюштуруучулары. Бул өз кезегинде телекөрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышына шарт түзөт дешет адистер.