Кыргызстандыктардын Сирияда калган балдарын кайтарып алуу аракети башталды

735

Сирия менен Ирак өлкөлөрүндөгү лагерлерден кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтаруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу тиешелүү миссияны ишке ашырууга белсенип жаткан жарандык активисттер билдирип чыгышты.

Айтымдарында учурда куралдуу кагылышуулар болуп жаткан өлкөлөрдө болжол менен 150 бала жана аял бар. Бирок такталбаган маалыматтарга караганда, алардын саны 500гө жакын болушу мүмкүн. Ошондой эле, Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Балдар фондусунун Кыргызстандагы жаңы жетекчиси Кристин Жольмду кабыл алып жатып, кыргызстандыктардын Ирак мамлекетиндеги балдарын кайтарып алуу өтө маанилүү процесс экенин белгилеген.

ЮНИСЕФ жетекчиси кыргыз тараптын бул демилгесин өтө жылуу кабыл алганын жана аны колдоого даяр экенин айткан. Эки тарап Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин кызматташуусунун келечектүү багыттарын, өзгөчө балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого арналган долбоорлорду талкуулашкан. Анда Айдарбеков кыргызстандыктардын Иракта калган балдарын кайтарып алуу зарылдыгын баса белгилеп, «Биз өлкөнүн тиешелүү органдары менен бул иш боюнча иштеп жатабыз. Балдар кырдаалдын курмандыгы болбошу керек. Бул маселе боюнча ЮНИСЕФтин жардамына ишеним артылат», — деп билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.