Кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн компенсация төлөнөт

959

Чет жерде жүрүп каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн маркумдун жакындарына 50 миң сомдон компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирип, өкмөттүн тиешелүү токтому кабыл алынды.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, каза болгон жаран чет өлкөдө кандай максат менен жүргөнүнө карабай анын жакын туугандарына 3 күндүн ичинде кенемте төлөнөт. Ал үчүн маркумдун жакындары 3 айдын ичинде мамлекеттик миграция кызматына арыз менен кайрылуусу зарыл.

Ошондой эле, төлөмдөрдү алуу үчүн тийиштүү документтердин тизмеси кыйла кыскартылды. Бул тууралуу токтом жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.