Кыргызстандын 20%ы – жакыр жашайт (видео)

2616

Эми электр кубатына жеңилдик ала тургандар кандай аныкталат деген суроо жаралууда. Улуттук статистика комитетинин 2 жыл мурдагы маалыматына караганда, өлкөдө 1 миллион 300 миңден ашык жаран жакырчылыктын чегинде жашаса, анын 800 миңдейин балдар түзөт.

Бирок пандемиянын кесепетинен бул сан дагы көбөйүшү ыктымал, — дешет адистер. Социалдык өнүктүрүү министрлиги аларга кайрылгандарды гана каттоого алып, аз камсыздалганы документтер менен ырасталса гана жөлөк пул берет. Ал арада бир адамдын пенсиясын киреше катары каттап, балдар пособиесиз калган учурлар да арбын.