Кыргызстандын 2018-жылга карата бюджети бекитилди

1103

Буга байланыштуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документке ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 140 миллиард 882 миллион сом, ал эми чыгашасы 161 миллиард 149 миллион сом деп эсептелди.

Тартыштык 20 миллиард сомдон ашаары болжолдонгон. Бул мыйзамды парламент 29-ноябрда кабыл алган.