Кыргызстандын абактарында жарым жылда 23 адам каза болду

806

Кыргызстанда быйыл жарым жылдын ичинде эле темир тор артында 23 адам жашоо менен кош айтышкан. Бул көрсөткүч былтыр 65, 2017-жылы болсо 66 адамга жеткен. Бул тууралуу укук коргоочулар айтып чыгышты.

Мындай маалыматты Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы дагы ырастады. Укук коргоочулар жабык жайларда ден-соолугу начарлап кеткен жүздөгөн адам жатканын, бул жагдайга көңүл бурулбай жатканын белгилешүүдө.

Кыйноонун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун байкоосуна ылайык, жабык жайларда дарыгерлер жетиштүү деп айтылганы менен жабдыктар эски жана дары-дармектер менен толук камсыздалбай калган учурлар болуп турат. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы муну четке кагууда. Аталган мекеме кемчиликтер мамлекеттин жана эл аралык уюмдардын жардамы менен оңдолуп жатканын билдирди.

Азыркы тапта, Кыргызстанда жети тергөө изолятору, 11 жабык мекеме, 13 жатак абак жана башка аймактарда элүүдөн ашуун жаза аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарын кошкондо 15 миңдей адам камакта отурат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.