Кыргызстандын ар бир жараны мал-мүлкү тууралуу отчет берүүгө милдеттүү

2881

Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет бериши шарт. Президент Сооронбай Жээнбеков салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Аталган документке ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка 17 жаштан жогорку өлкөнүн бардык жарандары бирдиктүү салык декларациясын тапшырат.

Учурда Кыргызстанда бул категорияга кирген калктын саны 4 миллионду түзөт. Мыйзамга ылайык, салык тапшыруу 3 этап менен аткарылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.