Кыргызстандын балбандары 6-сапка түшүп калды (видео)

1055

2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло! Күрөш боюнча Азия чемпионаты Кыргызстандын курама командасы үчүн ушундайча жыйынтыкталды. Мындай көрсөткүч менен өлкө курамасы алтынчы орунду ээледи. Ал эми биринчини Кытайдын командасы алса, экинчи орунду Ирандын спортсмендери ээлешти. Үчүнчү орун — кошуна Өзбекстандан келген спорсмендерге тийди. Эске салсак, күрөш боюнча Азия чемпионаты 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөрүлгөн. Биринчиликтин алкагында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар болду.