Кыргызстандын билим берүү тармагына 10 миллион евро жардам келди

802

Бул каражат Европа биримдиги тарабынан бөлүнүп, ал Кыргызстандагы билим берүү тармагын колдоого жумшаларын Финансы министрлигинен билдиришти. Бул акчага окуу китептерин сатып алуу, өлкөдөгү бардык мектептерди интернетке кошуу жана мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо пландалган.

Маалыматтарга караганда, бул каражат Финансы министрлигинин эсебине былтыр, жыл соңунда келип түшкөн. Европа биримдигинин атайын программасынын алкагында кыргыз өкмөтүнө 2020-жылга чейин 36 миллион евро бөлүнөт. Бул акча билим берүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн жардам иретинде гана келмекчи.