Кыргызстандын чек арачылары тажиктерди барымтага алдыбы? (видео)

658

Чек арадагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын атайын кызматы билдирүү таратып, Кыргызстан тарапты айыптады. Кошуналар Көк-Таш – Ак-Сай-Тамдык жолун куруу менен өкмөттөр аралык протокол бузулганын айтып жатышат. Ошондой эле, Тажикстандын жарандары Кыргызстандын чек арачылары тарабынан барымтага алынган деген маалыматтарды таратууда.

Бирок мындай билдирүүнү Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматы четке какты. Баткен районундагы жол салынып жаткан аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан эч кандай келишим бузуу жок дейт расмийлер.