Кыргызстандын эки жараны Индияга 8 кг алтынды мыйзамсыз алып барышкан

895

Кызы менен энеси баалуу металлды Дели шаарында бир миллион доллардан ашык каражатка соодалашкан. Акча менен мекенине кайтып жатканда экөө тең колго түшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Аэропорттон кармалган Зухра Балтабаеванын жанынан 60 миң доллар табылган, ал эми багажка өткөрүлгөн жүгүн текшере келгенде чемодандан бир миллион 41 миң доллар чыккан. Энеси кызы менен Индияда эки жумага камакка алынды. Сурак учурунда алар 8 килограмм алтынды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кеткенин айтып беришкен.