Кыргызстандын эң сулуу бийкечи аныкталды (видео)

930

«Мисс Кыргызстан — 2018» расмий сынагы бир катар мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан маданият, маалымат жана туризм министрлигинин катышуусунда уюштурулду. Бул конкурска катышууну каалаган 300дөй кыздын арасынан 25 сулуу тандалып алынган. Сынактын катышуучулары өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген бийкечтер.

«Мисс Кыргызстан-2018» конкурсунун финалдык бөлүгү өтүп, анын жыйынтыгында Жалал-Абад областынын атынан чыккан Элмара Буранбаева жеңүүчү деп таанылды. Тажы менен бирге өлкөнүн эң ажарлуу кызы деп эсептелген бийкеч эми «Дүйнө сулуусу» конкурсуна катыша алат.