Кыргызстандын эң сулуу бийкечи жакында аныкталат (видео)

740

Кыргызстандын эң сулуу бийкечи ким экени 2 жумадан кийин белгилүү болот. Учурда 20 дан ашуун кыз финалга карата даярдык көрүп жатышат. Мунун баарына “Азия-Молл” соода борбору шарт түзүп берүүдө. Бул жолку конкурста башка сынактардан айырмаланып кыздарга купальникчен чыгууга уруксат берилбейт.

Эң негизгиси, өлкөнүн эң сулуусу наамын талашкан бийкечтердин сырткы келбети нукура кыргыз аялынын образына туура келиши керек. Бул конкурстун жеңүүчүсү — Кытайдын Санья шаарында өтө турган «Дүйнө сулуусу» сынагына биздин өлкөнүн атынан катышат.