Кыргызстандын эң сулуу жана жаш мугалими (видео)

1099

Ардактуу ошол эле учурда өтө жоопкерчиликтүү кесип. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 75 миңден ашык мугалим иштейт. Билим берүү мекемелерине дагы 200дөй эл агартуучу жетпейт. Акыркы жылдары мугалимдик кесипти аркалаган жаштар көбөйө баштады, дешет адистер. Алардын көбүн маянадан тышкары, балдарга тарбия берип, сабак өтүү кызыктырат. Ошондой эле, өмүрүн ушул тармакка арнап, көп жылдардан бери бөбөктөргө «А» тамгасын үйрөткөн агай-эжейлерибиз да миңдеп саналат. Бүгүн НТС каналы көп жылдык тажрыйбасы бар жана билим берүү системасына жаңыдан аралаша баштаган мугалимдер тууралуу айтып берүүнү туура көрдүк.