Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Душанбе шаарына жөнөп кетти

1476

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Тажикстандын Душанбе шаарына жөнөп кетти. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталат. Алгачкы оюн катары Кыргызстандын “Ак шумкарлары” Тажикстандын курама командасы менен беттешет.

Маалыматтарга караганда, бул оюнга даярданыш үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталып, алгачкы машыгуусу Кант шаарында өткөн.

Эртең боло турган оюнга Тажикстандын курама командасы да кызуу даярдык көрүп жатыптыр. Тайпаны өзбекстандык машыктыруучу Усмон Тошиев машыктырууда. Тандоо оюндарынын 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында, сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.