Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Малайзия менен беттешет

1024

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогуна катышууга кызуу даярданууда. Биздин спортчулар Малайзия менен беттешке чыкканы турат. Бул оюнга 23 футболчу катышат.

Өлкөнүн Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, 9-15-октябрь аралыгында биздин курама команда Малайзияда машыгууларын өткөрүп, мелдештин өзү 16-октябрда болот. Беттеш 2019-жылы ото турган Азия Кубогуна тандоо турларынын алкагында өтөт.