Кыргызстандын футбол командасы Кытайга утулуп калды

941

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кытайлыктарга 1:2 эсебинде утулуп калды.

Оюндун биринчи таймын биздин футболчулар 1:0 эсебинде жыйынтыктап алдыда келе жаткан. Экинчи таймда Кыргызстандын дарбазачысы Павел Матяш эки одоно ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү атаандаштар колдон чыгарбай, эки ирет гол киргизе алышты.

Биздин оюнчулар Кытайдын командасына жеңилгени менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн “ак шумкарлар” 11-январда Түштүк Корея, 16-январда Филиппин командаларын утушу керек.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.