Кыргызстандын футболчулары Филиппиндин командасы менен беттешет

1264

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан футбол боюнча Азия биринчилигинде бүгүн,16-январда Кыргызстандын футболчулары Филиппиндин командасы менен беттешет.

Кыргызстандын «Ак шумкар» командасы эки оюн катары менен утулганына карабай, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогото элек. Ал үчүн бүгүнкү оюндарда жеңиши керек.

Бул тайпада Кытай менен Корея кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алышкан. Кыргызстан оюнду улантабы-жокпу бүгүнкү беттеште чечилет.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышууда. Тайпадагы алгачкы оюнунда «Ак шумкар» командасы Кытайга 2:1 эсебинде, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде жеңилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.