Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

964

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы тарыхта биринчи ирет дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Маалыматтарга караганда, арабдар менен араздашкан кыргыз хоккейчилери өз чындыгын далилдей алышкан. Эл аралык хоккей федерациясы териштирүү жүргүзүп, акыйкаттык кыргызстандыктар тарапта экенин аныкташкан.

Эске салсак, быйыл жыл башында Кыргызстандын командасы Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен утуп, тайпадагы акыркы атаандашы Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын да жеңип, лидер болгон болчу. Бирок хоккей боюнча Эл аралык федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарып салган. Буга макул болбогон Кыргызстандын федерациясы апелляцияга берип, өз чындыгын далилдей алды.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылдын 1-17-май аралыгында Швейцария өтөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.