Кыргызстандын ички аскерлери Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылды

1394

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлыктын негизги максаты — коомдук тартипти, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууну жогорулатуу.

Эске салсак, Ички аскерлер 2014-жылы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Бирок бул аракет өлкөдө ички коопсуздукту камсыз кылуу жаатында, кызматтык-күжүрмөн милдеттерди чечүүдө алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектеп калган.

Мындан улам, ички аскерлерди кайра Ички иштер министрлигинин курамына өткөрүү максатка ылайыктуу деп табылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн, өкмөт жакын арада тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке киргизүүсү күтүлүүдө.