Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду

652

Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ниязалиев элчилик кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы айтылат. Ал элчилик кызматка 2015-жылы 8-декабрда дайындалган болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.