Кыргызстандын кен казуу тарыхындагы жаңжалдуу окуялар (видео)

869

Өткөн жумада Чаткал районундагы алтын казып жаткан ишкана ишин белгисиз мөөнөткө токтотту. Терек-Сай жергесиндеги кен казуучу компания 350 адамды жумуш менен камсыздап, алардын 96 пайызы жергиликтүү тургундар. Эки жылда мамлекетке 750 миллион сом салык төлөп, жергиликтүү бюджетке жылына 15 миллион сом которуп турган.

Ишкананын жетекчилигинин айтымында, Терексайлыктар өздөрү жумушка чыкпай жатышат. Алардын артында азыр токтоп калган компания алтын казган жерден сурма кенин мыйзамсыз чыгарып кетип жаткан адамдар турганы айтылууда. Жергиликтүү тургундардын эмоциясын мындай коюп, түзүлгөн кырдаалга калыс баа берсек, мыйзамдуу иштеп жаткан чет элдик ишкана кылмыш жолу менен пайда таап жаткандарга утулуп калды.

Терексайдагы тополоңдун артында сурма кенин мыйзамсыз казып алып чет өлкөгө чыгарган белгилүү эле адамдар тураары айтылып жатат. Алтын казган туркиялык компания жер-сууну цианид менен ууландырып жатат деп жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салышууда. Эгер ал жер чынында эле булганып жатса, анда алтын казгандарга лициензия берген мекеме бул үчүн жооп берип, Экотехинспекция чара көрүшү керек.

Бирок Терек-Сай цианид менен ууланганын азырынча эч ким расмий түрдө ырастап дагы, ал маалымат жалган, деп дагы чыккан жок. Чаткалдагы чатак Кыргызстандагы кен казылган жерлердеги жаңжалдардын кезектегиси болду. Буга чейн Кумтөр, Кемин, Тогуз-Торо, Кадамжайда кен иштеткен инвесторлор менен жергиликтүү тургундар ортосундагы жаңжалдар ачыктан-ачык кол салуу, басып алуу, талкалоого чейин жеткен. Бирок ал окуялар эч кимге сабак болбой, минтип, иштеп жаткан ишкана мыйзамсыз кен казгандарга жем болууда.