Кыргызстандын куржунунда алгачкы алтын медаль (видео)

1505

Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда алгачкы алтын медаль пайда болду. Аны балбан Абдурахман-хаджи Муртазалиев алып келди. Мекендешибиз эл аралык мелдеште спорттун джиа-джитсу түрү боюнча 85 кг салмакта күрөшүп, биринчиликти багындырды. Андан сырткары, Кыргызстандын эсебинде азырынча 3 күмүш жана 4 коло байге бар. 2 күмүш, эки коло медалды кыздар курама командасы алып келди. Учурда медалдык көрсөткүчтө Кыргызстан 9-орунда турат.