Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 миллиард долларга жетти

1737

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 530 миллион долларды же тактап айтканда 311 миллиард 846 миллион сомду түздү. Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул сумманын 91 пайызы тышкы карыз болсо, калганы ички береселер. Карыздар өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 57 пайызын түзөт.

Ошондой эле, февраль айында мамлекеттик карыз 240 миллион долларга кыскара турганы да белгиленди. Буга Россия менен 240 миллион доллар карызды жоюу боюнча келишимдин кабыл алынышы себеп болду. Тиешелүү документти Россиянын парламенти кечээ жакында эле ратификациялаган болчу. Февраль айында Россия президенти да кол коет деп күтүлүүдө.

Ошондой эле, Касымалиев бюджеттин ачык-айкындыгы боюнча индексте Кыргызстан 38 орунга чыгып, көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кабарлады. Мисалы, былтыр бюджеттин аткарылышы тууралуу жарым жылдык отчет убагында жарыяланбай калганы үчүн эл аралык көрсөткүчтө тиешелүү упайлар топтолбой калган.