Кыргызстандын спортчулдары Кышкы олимпиада оюндарына катышат

2099

Кышкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар мелдешке 13-18-22- февраль күндөрү чыгышат. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-25-февралга чейин 23-кышкы оюндары өтөт. Ага 92 өлкөдөн 2500дөн ашык атлет катышат деп күтүлүүдө.

Алардын арасында кыргызстандык тоо лыжачылар 21 жаштагы Тариэл Жаркымбаев менен 23 жаштагы Евгений Тимофеевдер бар. Кореяга барчу делегациянын курамы 6 адамдан турат. Эки спортчудан тышкары, эки машыктыруучу жана Улуттук олимпиада комитетинен эки өкүл барат.

Бирок кечээ алар жеңишке жетээринен күмөн санап жатканын айтышкан. Анткени каржылоо өз убагында жүрбөгөндүктөн даярдык жакшы болбой калды, дешет машыктыруучулар.