Кыргызстандын тышкы карызы дагы өсөбү? (видео)

1201

Тышкы карыздын көлөмү дагы көбөйөбү? Өкмөт мамлекеттик карыздын чеги ички дүң продукциянын 70 пайызына чейин жетүүсүнө уруксат берген документти даярдап, парламенттин талкуусуна алып келди. Финансы министри бул өзгөрүүлөр тышкы карыздарга эмес, ички карыздарга гана тиешелүү болоорун айтууда.

Бирок эксперттер мамлекеттик карыздын көлөмү 60 пайыздан ашпаган убакта, аны кайтарууга же анын пайыздарын төлөөгө жеңил болоорун айтышууда. Ошондой эле, алынган насыялар менен гранттар, өзүн актай турган экономикалык долбоорлорго жумшалышы керек, дешет алар. Өлкөнүн карызы канча жана эми дагы канчага көбөйүшү мүмкүн?