Кыргызстандын тышкы карызын ЭЛ төлөш керекпи? (видео)

1035

Мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн эл дагы жардамга келиши керек. Мындай демилге менен жаш активисттер чыгышууда. Алар видео билдирүү жасап, өлкө жарандары жана президентке кайрылышкан. Анда атайын банктык эсеп ачып, колдон келген каражатты топтоо сунушу айтылат. Кыргызстандын тышкы карызы учурда 4 миллиард долларга жакындап калды. Өлкө насыяларынын 44 пайызын Кытай Эл республикасынан алган. Коңшу мамлекет экономикалык жана аскерий жактан кубаттуу экенин эске алганда, карызды төлөй албай калуу Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн өтө кооптуу, дешет талдоочулар. Ал арада кредиттердин негизги суммасын төлөө мөөнөтү да жакындап келе жатат.