Кыргызстандын үмүтү – Денис Петрашов (видео)

994

Жаш экенине карабай олуттуу ийигиликтерге жеткен спортчу. Азия чемпионатын эки жолу жеңип алган сууда сүзүүчү Денис Петрашов учурда кезектеги бийиктикти багындыруу үчүн кызуу даярданып жаткан маалы. Ал Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында улан-кыздар арасында өтүүчү дүйнөлүк Олимп оюндарына жолдомо алгандан тарта, күн-түн дебей машыгууда. Мындай катаал машыгууларга күчтүү атаандаштар түрткү берүүдө, дейт спортчу. 18 жаштагы Денистин азыркы максаты — Түштүк Америкадагы дүйнөлүк биринчиликтен алтын медаль менен кайтып келүү. Чемпионат 2018-жылдын октябрь айына мерчемделген.