Кыргызстандын вертолеттеру согуштук аракеттерге катышып жатабы? (видео)

676

Кыргызстандын аскер тик учактарын башка өлкөгө ижарага берүүгө ким уруксат берген? Бул маселени өткөн жумада Жогорку Кеңеште депутат Каныбек Иманалиев көтөргөн. Эл өкүлү согуш жүрүп жаткан Африкадагы Сомали өлкөсүнө 4 тик учакты берүү аракети болгонун, бул боюнча келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартуу керектигин айтып чыккан. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы болсо, мындай маалыматты төгүндөп, айтылгандар жалган экенин маалымдаган. Алар бир дагы тик учак өлкөнүн сыртына учпаганын, баары аэродромдордо турганын айтышууда. Ал ортодо, мурдагы коргоо министри чындыгында эле вертолетторду ижарага берүү аракеттери болгонун айтууда. Бул ишке Башкы прокуратура кийгилишкен соң гана, келишим жокко чыгарылыптыр.